Санарип кодекси коомдук талкууга коюлду

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Санарип кодексинин долбоорун коомдук талкууга чыгарды.   Долбоордо Кыргызстандагы санарип башкаруу жана бул тармакка тиешелүү ченемдик-укуктук актылар жаңыланууга муктаж экени, жаңы чакырыктарды тескегенге тиешелүү ченемдер кабыл алынышы керектиги жазылган.   Анда электрондук кат жүгүртүү, маалыматты коргоо, маалыматтык технологияларды, жасалма интеллектти колдонуу боюнча… Кененирээк…

Кыргызстандын банктары жарым жылда 12 млрд сом пайда тапты

Кыргызстандын коммерциялык банктары 2023-жылдын биринчи жарымында 12 млрд 33,6 млн сом таза пайда тапты. Бул тууралуу Улуттук банк алгачкы алты айдын жыйынтыгын чыгаргандан кийин маалымдады.   Банктар 2021-жылдын алты айында 1 млрд 737 млн сом пайда тапса, 2022-жылдын алгачкы жарымында 8 млрд 644 млн пайда… Кененирээк…

Алдыдагы күз-кыш мезгилинде 500дөн ашык күйүүчү май базасы ачылат

Алдыдагы күз-кыш мезгилинде 500дөн ашык күйүүчү май базасы ачылат. Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, көмүр казган ишканалар биринчи кезекте бюджеттик мекемелердин жана калктын катуу отунга болгон муктаждыгын камсыз кылышы керек.   Ошондой эле көмүрдүн баасын негизсиз көтөргөн ишканалардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынары белгиленди.

Улуттук банк доллардын курсун текшилөө үчүн дээрлик жарым млрд доллар сарптады

Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун текшилөө үчүн дээрлик жарым миллиард доллар сарптады.   Жыл башынан бери өлкөнүн башкы каржы мекемеси ички рынокто америкалык валютаны сатуу боюнча 10 интервенция жүргүзгөн.   Январдан августка чейин доллардын сомго расмий курсу 2,4%га жогорулап, бүгүнкү күндө 1 доллар 87 cом… Кененирээк…

Россияда кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Орусиянын Ички иштер министрлиги Москвада кыргызстандык таксисттин сабалышына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлап, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарындагы полицияга жабырлануучунун арызын каттоону уюштурганын билдирди, — деп жазды «Азаттык».   Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде Москва шаарынын Басманный районунун… Кененирээк…

Таласта жер титиреди

Талас облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, силкинүү бүгүн, 4-августта саат 9:28де болду.   Жер титирөө Талас районунун А.Огомбаев, Козучак айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана… Кененирээк…

Ош шаарындагы автобекет мэриянын карамагына өттү

Ош шаарындагы автобекет мэриянын карамагына өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, мэр Бакытбек Жетигенов мэриянын карамагына өткөрүлгөн Ош автобекетинин абалын жеринен көрүп чыкты. Анын негизинде тиешелүү кызматтарга тезинен бекеттин аймагын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштарды баштоону, ушул жылдын сентябрь… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда УКМКнын жаңы имараты ачылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык талаптарга жооп берет жана керектүү заманбап жабдуулар менен жабдылган.

«Ош Сити» деген акылдуу шаарча куруу сунушталды

Ошто 500дөн ашык көп кабаттуу турак жайдан турган «Ош Сити» акылдуу шаарча куруу сунушталды. Бул тууралуу шаардык административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоорун талкуулоо учурунда айтылды.   Жыйында шаардын 2025-жылга чейинки Башкы планы көрсөтүлүп, анда калаанын аймагын кеңейтүү, жаңыдан кошулган жерлерге кичи райондорду, өнөр жай-соода борборлорун куруу… Кененирээк…