Кыргызстандыктарга Казакстанда каттоосуз 90 күнгө чейин жүрүүгө уруксат берүү каралууда

Кыргызстандыктарга Казакстанда каттоосуз 90 күнгө чейин жүрүүгө уруксат берүү каралууда. Өлкө премьер-министринин тийиштүү токтомунун долбоору жарыяланды.

 

Учурда Кыргызстандын жарандары Казакстанда каттоосуз 30 күнгө чейин жүрө алат. Жаңы документ күчүнө кирсе мөөнөт 90 күнгө чейин узарат. Мындай өзгөртүүлөр эки өлкө ортосундагы мамилени бекемдөөгө жана кыргызстандыктардын коңшу өлкөдө жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө өбөлгө болот.