Оштун автобекети мэриянын карамагына өттү

Оштун автобекети мэриянын карамагына өттү. Муниципалитет маалыматына ылайык, объекттин аймагында асфальт төшөө, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштер жүргүзүлөт.

 

Жумуштар сентябрга чейин аякташы керек. Тиешелүү органдарга жүргүнчүлөр менен айдоочуларга бардык шарттарды түзүү боюнча тапшырмалар дагы берилди. Кошумчалап кетсек, буга чейин Оштун автобекети Унаа жана жолдор министрлигине тиешелүү болчу.