Бишкекте Үсөнбаев көчөсүн калыбына келтирүү иштери башталды

Бишкекте Үсөнбаев көчөсүн калыбына келтирүү иштери башталды. Мэриянын маалыматына ылайык, жумуштар анын Токтогул көчөсүнөн Сыдыковго чейинки тилкесинде жүрүүдө.

 

Абдрахманов көчөсүнө чейин бара турган жаңы жолдун узундугу 280 метрди түзөт. Ошондой эле тротуар курулуп, ирригациялык тармак өткөрүлөт.