Бишкекте атайын таксилер пайда болушу мүмкүн

Бишкекте атайын таксилер пайда болушу мүмкүн. “Экономист” басылмасына мэриянын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинен билдиришкендей, бул максатта эки миңге чейин экологиялык жактан таза электромобилдерди сатып алуу пландалууда.

 

Учурда ар кайсы өлкөнүн инвесторлору менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Долбоордун баасы болжол менен эки миллион доллар же андан жогору бааланууда. Чоо-жайы сүйлөшүүлөрдөн кийин аныкталат.

 

Өз кезегинде мэрия электромобилдер үчүн бардык керектүү инфраструктураны камсыздайт. Мындай таксилердин жол акысы жеке компаниялардыкынан арзан болору белгиленди.