Сегиз айда Чүй облусуна 292 миллион сом бөлүндү

Чүй облусу боюнча 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер катары 292 млн сом өлчөмүндө акча каражаты каржыланган.   Финансы министрлигинен билдиришкендей, каражаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн: — теңдөөчү трансферт — 218,8 млн сом; — ыйгарым укуктарды берүүгө — 33,2 млн сом; — электрэнергиясына болгон… Кененирээк…

WhatsApp iPad үчүн өзүнчө тиркеме чыгарат

WhatsApp iPad үчүн өзүнчө тиркеме чыгарат. Учурда инженерлер жаңычылдыкты тестирлөөдөн өткөрүп жатат. Белгилеп кетсек, учурда WhatsApp бир гана iOS ижана MacOS платформаларында иштейт.   Ал эми iPad колдонуучулары тиркемени веб-версияда же башка тиркемелер аркылуу колдонуп келишкен.

Бишкек, Ош жана Чүйдө кызамыкка каршы эмдөө жүрүүдө

Бишкек, Ош жана Чүйдө кызамыкка каршы эмдөө жүрүүдө. Кызамык вирусунун тарап кетишин азайтуу, оорунун чыккан жерин аныктоо жана Кыргызстанда андан ары жайылуусуна жол бербөө максатында кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизация боюнча өнөктүк жүрүп жатат.   Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,  29-сентябрга чейин кызамык, кызылча вакцинасы… Кененирээк…

Бишкектеги “Башкы” подстанциясында жаңы трансформаторлор орнотулуп жатат

Бишкектеги “Башкы” подстанциясында жаңы трансформаторлор орнотулуп жатат. Ордо калаа электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, жабдуулар объекттин кубаттуулугун көбөйтөт.   Бул өз кезегинде шаардын түндүн тарабынын жана Чүй облусунун айрым аймактарынын тургундарын туруктуу электр энергиясы менен камсыздайт.

Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында финалга чыкты.   Муну менен ал 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына жолдомо алды. Тыныбекова жарым финалда германиялык Луиза Ниемешти 4:2 эсебинде утту.   Кыргызстандык балбан алтын үчүн бүгүн күрөшөт. Учурга карата өлкө куржунунда Олимпиада оюндарына 3 жолдомо бар.… Кененирээк…

Түштүк айланма жолдун курулушуна инвестициянын көлөмү 433 миллион долларды түзөт

Түштүк айланма жолдун курулушуна инвестициянын көлөмү 433 миллион долларды түзөт.   “Тазабек” жазгандай, мындай маалымат мамлекеттик бюджеттин кийинки жылга долбоорунда айтылат. Күтүлгөндөй, жол мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында курулат.   Учурда ал даярдык этаптарынан өтүүдө.  Айланма трасса Бишкектин Чортеков, Айни жана Муром көчөлөрүн бириктирген шакекчеден башталат. Андан… Кененирээк…

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына лицензия жеңип алды

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына лицензия жеңип алды. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчуга Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы менен Олимпиадага жолдомо ыйгарылды.   Петрашов буга чейин Рио-де-Жанейродо жана Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына катышкан.

Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курамасынын мүчөсү Белградда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалында бутунан жаракат алып, япониялык Юка Кагамиге 0:8 упай менен утулуп калды.   Белгилеп кетсек, Айпери Медет кызы кечээ дүйнө чемпионатында финалга чыгып, 2024-жылы өтө турган… Кененирээк…

Ленин бир мандаттуу округу боюнча шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкты

Ленин бир мандаттуу округу боюнча шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкты. Боршайкомдон билдиришкендей, Жогорку Кеңеш депутатынын мандаты Кубанычбек Самаковго тапшырылат.   Ага 5 миң 279 шайлоочу же жалпы көрсөткүчтүн  26,17 пайызы добуш берген. Эске салсак, аталган округ боюнча парламент депутатын шайлоо 10-сентябрда өттү. Өнөктүктө жалпысынан 24 талапкер… Кененирээк…