Бишкектин Токтогул көчөсүндө унаа токтоткондорго айып салынат

Бүгүнтөн тарта Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү веложолго унаа токтоткондорго айып салынууда. Бул тууралуу Novosti.kgге Транспорт департаментинин башчысынын орун басары Улан Уезбаев билдирди.

 

Анын айтымында, эгер айдоочу ордунда жок болсо, унаа эвакуацияланат.

 

Эске салсак, Токтогул көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабына велосипед үчүн жол салынууда.