Париж Олимпиадасы: Кыргызстандын капчыгында азырынча үч жолдомо бар

2024-жылы Парижде өтө турган Олимп оюндарына Кыргызстан азырынча үч жолдомо алды.   Novosti.kgге Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан такташкандай, лицензияга Айпери Медет кызы, Денис Петрашов жана Айсулуу Тыныбекова ээ болду. Балбандар жолдомону Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында утушту. Ал… Кененирээк…

Чолпон-Атада селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Чолпон-Ата шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.   Сел сууларын тазалоого ӨКМдин 25 куткаруучусу, Жарандык коргонуу кызматынан 25 кызматкер, жергиликтүү бийликтен жана тургундардан 35 адам, атайын техникалар тартылган.   Эске салсак, кечээ, 20-сентябрда нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көл районунда катуу сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун жана… Кененирээк…

Караколдо оңдоо иштеринен кийин Жамансариев көчөсү кыймылга ачылды

Караколдо оңдоо иштеринен кийин Жамансариев көчөсү кыймылга ачылды.   Калаа жетекчиси Чыңгыз Бапаевдин айтымында, анын Ахунбаев көчөсүнөн “Кирпич заводу” конушуна чейинки тилкесинде асфальттын жаңы катмары төшөлдү.

Кыргызстанда мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу үчүн айып салуу сунушталды

Кыргызстанда мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу үчүн айып салуу сунушталды.   Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында талкууга чыгарылды.   Документке ылайык, мектепте ата-энелерден акча чогулткандарга   7,5 миң сомго административдик чара көрүлөт. Андан тышкары, каражат чогултууга багытталган коомдук фонддорду түзүү үчүн физикалык жактар 10 миң сомго,… Кененирээк…

Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоодо 17 миң тонна таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдү тазалоонун 156-күнүндө суучулдар көлдүн астынан 16 миң 721 кг таштанды, 103 миң 950 метр балык уулоочу тор чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, соңку апта ичинде Чолпон-Ата шаарындагы «Бакыт» жана «Голубой Иссык-Куль» пансионаттары эки жолу тазаланды. Андан соң суучулдар облустун… Кененирээк…

Бишкекте жол жээгинде мыйзамсыз бензин саткандарга айып салынды

Бишкекте жол жээгинде мыйзамсыз бензин саткандарга айып салынды. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардын Профсоюз көчөсүн бойлой Фучиктен Патрис Лумумба көчөсүнө чейинки аралыгында мыйзамсыз бензин сатуу пункттарына рейд жүрдү. Мыйзамсыз бензин саткан жарандарга КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 434-беренеси боюнча 18 миң сомго 6 административдик протокол түзүлдү. Жыл… Кененирээк…

Талас облусунда кант кызылчасын кабыл алуу түйүнү ачылды

Президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов Маймак айылындагы кант кызылчасын кабыл алуу түйүнүнө барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, кабыл алуу түйүнү Кайыңды кант заводу менен Талас облусунун дыйкандарынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ачылган. «Аталган түйүн күнүнө 600 тонна кант… Кененирээк…

Бишкекте КМШ жана ШКУнун алгачкы антитеррордук машыгуусу өтүүдө

Бишкекте КР УКМК тарабынан Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) биргелешкен алгачкы «Евразия-Антитерро – 2023» антитеррордук машыгуусу өткөрүлүүдө.   Машыгуу күн мурун Бишкекте өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү боюнча I конференциясынын алкагында өтүп жатат. Машыгуулар кээ бир… Кененирээк…

Министр Кулубаев Дональд Лу менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 20-cентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Луга жолукту.   Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана күн тартибиндеги негизги маселелер талкууланды. Андан тышкары “Борбор Азия+АКШ”… Кененирээк…

АКШда тыйын чычкандар 15 миң адамды жарыксыз калтырды

АКШда тыйын чычкандар 15 миң адамды жарыксыз калтырды.   Жаныбарлар подстанциянын ичине кирип, кабелдерди кемирип кеткен. Адистер электр линияларын калыбына келтиргенден кийин, тыйын чычкандар кайра эле көрүнүштү кайталашты.   Эми энергетиктер кошумча чараларды көрүүгө аргасыз. Ал эми жаныбарларга кандай чара көрүлгөнү такталбайт.