Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.

 

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине ал 77 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда.

 

Кыргыз балбаны биринчи атаандашы норвегиялык Пьер Андерс Курени 4:3 эсебинде, анын далысын жерге басып таза жеңишти камсыздады. Ал эми 1/8 финалда Махмудов египеттик Мохамед Захаб Кхадил менен кез келип, аны 9:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга өттү.

 

Аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо ойнотулууда.