Япониядагы эски түрмө люкс мейманканага айланат

Япониядагы эски түрмө люкс мейманканага айланат. Имарат 115 жыл мурун курулган.

 

2017-жылы мекеме жабылып, өлкөнүн маданий баалуулугу катары таанылган.

 

Жалгыз камераларда даараткана, раковина, терезе жана туткасы жок оор жыгач эшиги гана болгон.

 

Эми бул жер мейманкана катары кайра жаралат, тагыраагы коноктор кызыл кирпичтен курулган имаратта жайгашат. Анда люкс бөлмөлөрдөн тышкары ресторан, эс алуу залы жана музей да болот.