Эми чет элдик тасмалар кыргыз тилинде субтитр менен чыга баштайт

Эми чет элдик тасмалар кыргыз тилинде субтитр менен чыга баштайт. Бул тууралуу “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунун директору Талантбек Төлөбеков билдирди.

 

Анын айтымында, киноборбор бул боюнча ири дистрибьюторлор менен макулдашкан.

 

Жарандар кыргызча субтитрлери бар алгачкы тасмаларды келерки жылдын жаз айларында көрөт деп күтүлүүдө.