Бишкектин башкы архитектору Карыбаев үй камагына чыкты

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин бөгөт чарасы өзгөрүп, 10-октябрда үй камагына чыкканы белгилүү болду. Маалыматта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” 12-октябрда ырастады.

 

Соттун чечимине ылайык, ал 4-декабрга чейин үй камагында болот.

 

Буга чейин райондук сот Карыбаевдин бөгөт чарасын 6-октябрда карап, аны 16-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын башчысы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча шек саналып жатканы кабарланган.

 

Урмат Карыбаев бул кызматка былтыр июнь айында дайындалган. Анын кармалышы боюнча жактоочулар, атайын кызмат комментарий бере элек.