Аргентинада эркек бүтүндөй шаарды өрттөп сала жаздады

Аргентинада эркек бүтүндөй шаарды өрттөп сала жаздады. Ал токойдо кофе ичүү үчүн от жаккан. Катуу шамалдан жалын бак-дарактарга өтүп, эркек өз алдынча аны баса албай калган.   Тилсиз жоо алгач токойду толугу менен жок кылып, калк жашаган түйүндөргө дагы өттү. Үйлөрүн түтүн жана ыш каптаган… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы бүгүн Бахрейн командасы менен ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы бүгүн Бахрейн командасы менен ойнойт. Достук беттеш Манама шаарында өтөт.   Оюн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 10до башталат. Эске салсак, биздин курама 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо туруна даярдык көрүүдө.

Нарын облусунда инвесторлор үчүн өнөр-жай аймагы ачылды

Нарын облусунда инвесторлор үчүн өнөр-жай аймагы ачылды.   Президенттин аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аймак Эмгекчил айылынын Кош-Дөбө тилкесинде Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюнда жайгашкан.   Бул жерде завод же фабрика ачууну каалаган инвесторлор үчүн бардык шарттар түзүлдү. Учурда сүлгү жана… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй облусунун коомдук тамактануу жайлары текшерилип жатат

Бишкек жана Чүй облусунун коомдук тамактануу жайлары текшерилип жатат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бул тез татым жайындагы массалык уулануу фактысынан кийин өлкөдө тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлгөн иш-чара.   Пландан тышкаркы текшерүүлөр Экономика министрлиги менен такталган.   Бүгүнкү күнгө карата 83 субъект текшерилди. Санитардык… Кененирээк…

Кыргызстанда сентябрда азык-түлүктүн бир катар түрүнө баалар төмөндөгөнү байкалды

Кыргызстанда сентябрда азык-түлүктүн бир катар түрүнө баалар төмөндөгөнү байкалды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, картөшкөнүн наркы 10 пайызга, ал эми гречка 6 пайызга арзандады.   Ошондой эле кумшекердин жана жашылча-жемиштердин баасы төмөндөдү. Ал эми ундун баасы тескерисинче кымбаттаган, республика аймагында – 1,5 пайызга, жумуртка, сүт,… Кененирээк…

Владимир Путин Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.   «Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын стратегиялык мамилелерин, союздаштыгын бекемдөөгө жана Евразия аймагындагы интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Жапаров Садыр Нургожоевич Ардак… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттады

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 89 сомдон ашты.   Түшкү саат 12ге карата сатуу курсу орточо 89 сом 22 тыйынды, сатып алуу 89 сом 1 тыйынды түзүүдө.   Ал эми Улуттук банктын расмий курсу 88 сом 92 тыйын болуп жатат.

Ош базары убактылуу жабылды

Ош базары убактылуу жабылды. Соодагерлер үчүн бүгүн жана эртең эс алуу күнү деп жарыяланды.   Буга КМШ саммитин өткөрүү жана жогорку даражалуу коноктордун борборго келиши себеп болду. Бул күндөрү Ош базарында сооданын ордуна санитардык күн өткөрүлөт.   Кошумчалай кетсек, 12-13-октябрда ордо калаада №6, №11, №14… Кененирээк…

Бишкекте айрым троллейбустар иштебейт

Бүгүн жана эртең Бишкекте №6, №11 жана №14 троллейбустук каттамдар убактылуу токтотулат. Мэриядан билдиришкендей, 12-13-октябрда 5-троллейбустун кыймылы Тунгуч кичи районунан 8-кичи районго чейин өзгөрөт.   №2  жана 10-троллейбустар өз багыты менен жүрөт, бирок Чүй проспектисине кайрылбайт.   Автобус жана кичи автобустар кадимки тартипте иштешет.  … Кененирээк…

Израилде жабыр тарткандар арасында кыргызстандыктар жок

Израилде жабыр тарткандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, элчилик аталган мамлекетте жашаган Кыргызстандын жарандарын тактап жатат.   Соңку тизмеде 90дон ашуун адам бар, алардын ичинен 20дан көбү Израилден чыгып кетүү ниетин билдирген. Учурда аларды алып чыгуу маселеси каралып… Кененирээк…