Кыргызстанда доллардын курсу 89 сомдон ашты

Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын курсун расмий түрдө 89,17 сомго көтөрдү.

Буга чейин доллардын курсу 88,92 сом деңгээлинде кармалып турган.

 

Учурда коммерциялык банктарда доллардын курсу 1 доллар үчүн 89,22 сомду түзүүдө.