ЖРТга каттоо башталды

Бүгүн, 17-октябрдан тарта, Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталат. Ал 27-октябрга чейин уланарын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Каттоо онлайн-режимде өтөт. Ал эми жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн өткөрүлгөн кышкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзү 2023-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин деп белгиленген. ЖРТга каттоого мамлекеттик үлгүдөгү… Кененирээк…

Азербайжанга барган кыргызстандык туристтердин саны көбөйдү

2023-жылдын январь — сентябрь айларында Азербайжанга Борбор Азия өлкөлөрүнөн 95 миң 871 турист барган, бул көрсөткүч 29, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,87 пайызга көп деп билдирди Trend басылмасы.   Азербайжандын туризм боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык Казакстандан барган туристтердин саны 42 миң 124 адамды (жыл ичиндеги өсүш 88,28 пайыз), Өзбекстандан 27 миң… Кененирээк…

Эрик Бейшембиев Казандагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бейшембиев Эрик Айдарканович Башкортостан Республикасынын, Марий Эл Республикасынын, Мордовия Республикасынын, Татарстан Республикасынын, Удмурт Республикасынын, Чуваш Республикасынын жана Ульяновск облусунун аймактарын камтыган консулдук округу менен Россиянын Казань шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жолугушуусу өттү

16-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү.   Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандан Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги жана Тажикистан тараптан Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында… Кененирээк…