Боом капчыгайында таштарды мажбурлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында таштарды мажбурлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, аба ырайынын шартына карабастан иш бүгүнтөн тарта 20-октябрга чейин уланат.

 

Таштар эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин түшүрүлөт. Мындан улам, бул убакта Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымы унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай жабылат.

 

Машинелер бир тилкеде гана жүрө алат.