Бишкекте беш отун базада 4 миң 700 сомдон көмүр сатылууда

Бишкекте беш отун базада 4 миң 700 сомдук көмүр сатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, арзан көмүр сатууну «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы уюштуруп, күз-кыш мезгиигине даярдык көрүүнүн алкагында калкка көмүрдү үзгүлтүксүз ташууда.

 

Белгиленгендей, көмүр вагондор жана оор жүк ташуучу унаалар менен ташылып жатат.

 

Шаар тургундары 4700 сомдон сатылып жаткан көмүрдү төмөндөгү даректерден алса болот:

 

— Мурманская 126;
— Алыкулов 6 б;
— Алматинская-Обьездная (кесилиште);
— Ылдыйкы Аларча айылы (Курманалиева көчөсү б/н);
— Ден-Сяопин, 306 б.