Пара Азия оюндарына 29 кыргызстандык катышат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, алар спорттун алты түрү: жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо боюнча күч сынашат.
Эске салсак, Пара Азия оюндары 20-30-октябрь аралыгында Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт.