Улуттук банк жарандарды каржы пирамидаларынан этият болууга чакырат

Улуттук банк жарандарды каржы пирамидаларынан этият болууга чакырат. Бул жеке адамдарды байытуунун алдамчылык жолу экенин жөнгө салуучу эскертет.

 

Мындай схемалардын негизги өзгөчөлүктөрү — бул жогорку кирешелүүлүк убадасы менен жарнамалоо, тармактык маркетинг принциптеринде бизнести уюштуруу, башкача айтканда катышуучунун кирешеси жаңы катышуучулардын инвестициясынан түзүлөт, ошондой эле акча чогултуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиянын жоктугу болуп саналат.