Эртең Бишкекте айрым автобус жана троллейбустардын каттамы өзгөрөт

Эртең Бишкекте айрым автобус жана троллейбустардын каттамы өзгөрөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, мунун себеби Жеңиштин 79 жылдыгына арналган иш-чараларга байланыштуу.

 

Ага ылайык, №36 автобус Абдрахманов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин каттайт. №2 жана №8 троллейбустар Жибек Жолу проспектиси – Лермонтов көчөсү – Чүй проспектиси маршрут боюнча жүрөт.

 

Транспорт каттамдары 10-майдан тарта кайра калыбына келет.