Улуттук банк тышкы карызды алтындын эсебинен жабуу сунушуна комментарий берди

Улуттук банк депутаттын тышкы карызды алтын-валюта резервинин эсебинен жабуу сунушуна комментарий берди. Белгиленгендей, эл аралык резервдер баалардын туруктуулугун камсыз кылууда жана сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоодо маанилүү роль ойнойт.

 

Ал эми бул резервдерди туура эмес пайдалануу бир топ терс кесепеттерге алып келет. Тактап айтканда, бул экономиканын бардык секторлоруна таасирин тийгизген көзөмөлсүз инфляцияга дуушар кылат, анын ичинде товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшү, ошондой эле тышкы карызды тейлөөгө чыгымдар көбөйүшү мүмкүн.

 

Мындан улам, Улуттук банк тышкы карызды төлөө үчүн эл аралык резервдерди пайдалануу боюнча мындай демилгелерге макул эмес.