Канттык «Абдыш-Ата» футболдук клубу Тажикстандын «Равшан» командасын жеңди

Канттык «Абдыш-Ата» футболдук клубу Тажикстандын «Равшан» командасын жеңди. Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тайпалык этабынын үчүнчү турунун алкагындагы оюн коңшу мамлекеттин Гиссар шаарында өттү.

 

Анда атаандаштын дарбазасына жалгыз голду Эммануель Ягр киргизди.

 

Эми “Абдыш-Ата” өз талаасында “Равшан” менен 9-ноябрда беттешет.