Төө-Ашууда кар жаап жатат. Айдоочуларга сак болуу сунушталат

Төө-Ашууда кар жаап жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкек — Ош унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларды сак болууга чакырат.   Ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин так сактоо жана карама каршы тилкеге чыкпоо сунушталат.

Кыргызстан менен Корея энергетика тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Корея энергетика тармагында кызматташат. Тиешелүү меморандумга кол коюлганын Энергетика министрлиги билдирди.   Маалыматта министр Таалайбек Ибраев Түштүк Кореялык компаниянын президенти Ан Таехо менен жолукканы айтылат.   Анда тараптар энергетика тармагын өркүндөтүү, тармактагы маалыматтык технологияларды колдонуу жана өнүктүрүү боюнча маселелрди талкуулаган.

Оштогу “Жапалак” унаа базары кеңейтилет

Оштогу “Жапалак” унаа базары кеңейтилет. Мэриядан билдиришкендей, аталган базардын айланасындагы 36 гектар жер коммерциялык багытка өзгөртүлүп, трансформацияланды.   Эми бул жерге бардык талаптарга жооп берген, заманбап шарттары менен мөмө-жемиштер жана унаа тетиктер сатылчу базар ачуу пландалууда.   Ошондой эле унаа токтоочу жайлар салынат.

Кыргызстанда көмүрдүн максималдуу баасы аныкталды

Кыргызстанда көмүрдүн максималдуу баасы аныкталды.   Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, аймактар боюнча отундун баасы өндүрүлүп чыккан жердин алыстыгына, казып алуу ыкмаларына, сатылуучу жайларга чейин жеткирип берүүгө, ошондой эле сактоо жана сатуу шарттарына жараша болот.  

Бүгүн Бишкекте троллейбустар кайра иштебейт

Бүгүн Бишкекте троллейбустар кайра иштебейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, таңкы саат 8ден күндүзгү 11ге чейин бардык троллейбус каттамдары токтотулат. Буга ШКУ өлкөлөрүнүн кезектеги жыйыны себеп болууда.   Эске салсак, 25нен 27-октябрга чейин КМШ, Шанхай кызматташтык уюму жана Евразия өкмөттөр… Кененирээк…