Бишкекте дагы бир атайын автобус тилкеси пайда болду

Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүндө Ахунбаевден Бөкөнбаевге чейин коомдук транспорт үчүн атайын тилке уюштуруу иштери аяктады. Ага ылайык, тиешелүү жол белгилери орнотулду.

 

Ошондой эле транспорттун башка бардык түрлөрүнө таңкы саат 7ден түнкү 9га чейин атайын тилкеде жүрүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу маалымат жазылган белгилер илинди.