Бишкекте ECO TAXI паркын кеңейтүү пландалууда

Бишкекте ECO TAXI паркын кеңейтүү пландалууда. Мэриядан билдиришкендей, жыл аягына чейин кошумча 120 заманбап жана экологиялык таза электромобилдер алынып келинет.

 

Эске салсак, муниципалдык ECO TAXI кызматы ордо калаада октябрдын башында пилоттук режимде иштей баштаган.

 

Биринчи этапта 10 машина ишке кирген. Алар Киев/Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен 12-кичи районго чейин таңкы саат 7ден 10го, кечинде 5тен 8ге чейин жүргүнчү ташыйт. Баасы киши башына 50 сом.