Кыргызстанда жүрүүгө уруксат берген документтерди каттоонун жана алуунун тартиби өзгөргөн жок

Кыргызстанда жүрүүгө уруксат берген документтерди каттоонун жана алуунун тартиби өзгөргөн жок.

 

Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Визасыз режим менен жүрүү мөөнөтүн эсептөө механизми тиешелүү уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштуруудан качкан чет элдиктерге гана колдонулат. Ал эми Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандары 90 күн жүрө алат.

 

Бул каттоо эсеби жок болгондо, ошондой эле “Мекен карта”, “Кайрылман” же “Санариптик көчмөн” макамы бар учурда ишке ашат.