Тимурлан Ажымалиев маданият министринин орун басары болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары кызматына Тимурлан Ажымалиевди дайындады.

 

Дагы бир жарлыгы менен Ажымалиевди президенттик администрациянын мамлекет башчынын жана өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматынан бошотту.

 

Буга чейинки маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев “башка ишке өткөнүнө байланыштуу” деген негизде кызматтан алынган.

Темурлан Ажымалиев тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. 2010-жылга чейин ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөновдун жардамчысы болгон.

Өткөн айдын аягында Акылбек Жапаровдун токтомунун негизинде, чыгашаларды оптималдаштыруу максатында тогуз министрдин бирден орун басары кыскарары белгилүү болгон.

 

Өкмөт тараткан маалыматка ылайык, кыскартуулар Экономика жана коммерция министрлигинде, Финансы министрлигинде, Тышкы иштер министрлигинде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, Айыл чарба министрлигинде, Билим берүү жана илим министрлигинде, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде, Санариптик өнүгүү министрлигинде жана Социалдык фонддо болору айтылган.

Ошондон бери бул кыскартуулар тууралуу маалымат бериле элек.