Кыргызстанда алгачкы бажы кампасы “Нарын” эркин экономикалык аймагында курулууда.
Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Бажы кампасы — импорттук товарлар бажы алымдары менен салыктары алынбастан бажы көзөмөлү алдында сакталган жер.
Ведомстводон белгилешкендей, бул кампа Нарын облусуна инвестиция тартуу жана аймакты өнүктүрүү үчүн жасалган биринчи кадам болуп эсептелет.