Бишкекте эки мамлекеттик дарыкана ачылды

Бишкекте эки мамлекеттик дарыкана ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, алар №1 жана Жал кичи районундагы №2 үй бүлөлүк медицина борборунун базасында жайгашты. Белгилеп кетсек, мамлекеттик дарыканалар өлкөнүн бардык аймактарында ачылууда.

 

Аларда дары-дармектин 800дөн ашык түрү жеткиликтүү баада сунушталат. Келечекте препараттардын ассортиментин 2 миңге чейин жеткирүү пландалууда.