Анталия шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ачылды

Анталиянын (Түркия) Муратпаша муниципалитетинин аймагындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта улуу жазуучунун ысымы берилген китепкана салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев кабарлады.
Бул азем үлкөн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулуп, ага Кыргызстандан келген делегация да катышкан. Иш-чаранын алкагында жазуучунун реставрацияланган бюсту да ачылган. Казакбаев бюстту калыбына келтирүү долбоору Анталия шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун демилгеси жана Аланиядагы кыргызстандык айымдын көмөгү менен ишке ашырылганын билдирди.
Иш-чарада сейил бактын аймагында боз үй тигилип, анда конокторго кыргыздын улуттук тамак-ашы, суусундуктары, кийизден жасалган улуттук буюмдар, кийимдер жана сувенирлер тартууланган.
Элчи Башкы консул Рустам Кошонов жетектеген Кыргызстандын Анталиядагы консулдугу Муратпаша райондук мэриясы менен биргеликте бир жыл бою китепкананы ача турган долбоор боюнча иштегендигин белгиледи.