Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды

Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды. Мэриянын маалыматына караганда, үй-жайсыз жарандарга 80 орундуу жай уюштурулду.

 

Имарат төшөк-жууркан менен камсыздалып, баш калкалоого ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Алсак, кайрылуучулар бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат, зарыл медициналык жардам системалуу түрдө көрсөтүлөт.