Бишкекте кызылча оорусу көп катталып жаткандыктан инфекциялык ооруканада кошумча бөлүм ачылды.
Оорукананын башчысы Гүлжигит Алиев билдиргендей, учурда бейтаптарды 4 бөлүм кабыл алууда. Жыл башынан бери бул илдетке чалдыккандар 3,5 миңге чукулдады, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар. Бейтаптардын эң көбү Бишкекте, Ошто, Чүйдө жана Жалал-Абадда.
Оорунун жайылышын токтотуу үчүн эмделгендер 95 пайыз камтылышы зарыл, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 76 пайызды түзүүдө.