9-ноябрда Бишкектин бир катар аймактарында ичүүчү суу болбойт

9-ноябрда Бишкектин бир катар бөлүктөрүндө ичүүчү таза суу болбойт. Бул тууралуу «Бишкек суу канал» ишканасы маалымдады.
Билдирмеге ылайык, бул күнү саат 9:00дөн 21:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы, өнөр жай мекемелеринде суу берүү токтотулат. Бул «Батыш-2» суу топтомосун жана шаардык суу түтүк тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу.
Суу төмөнкү даректерде болбойт:

Ала-Арча суусу — темир жол — Жибек Жолу проспекти — Жаш гвардия бульвары;

Жаш гвардия бульвары — темир жол — Фрунзе көчөсү — Манас проспекти;

Ала-Арча суусу — Чүй көчөсү — Дэн Сяопин көчөсү — Осташков — Дмитров — Москва — Асаналиев көчөлөрү;

«Бишкек суу канал» жашоочуларга ичүүчү сууну камдап алууну эскертет.