Парламент депутаттары “Билим жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи

Парламент депутаттары “Билим жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи. Ага ылайык, бала бакчаларда ата-энелердин эсебинен тамак уюштуруу нормасын алып салуу сунушталууда.

 

Документте жазылгандай, эгер өзгөртүү киргизилбесе, анда балдардын көбүндө мектепке чейинки билим алууга мүмкүнчүлүгү болбой калат. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

 

Эске салсак, 11-августта “Билим жөнүндө” мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынган. Анда бала бакчаларда ата-энелер тамактанууну өз эсебинен уюштурат деген берене бар. Кийин Каржы министрлиги ага ылайык, каржылоо токтотулганын жарыялады.