Ош шаарында көмүрдү арзан саткан жайлар уюштурулду. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көмүрдүн баасы 1 килограммга 5 сомду түзөт.
Белгиленгендей, арзан көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:
- «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгы С.Айни №80 көчөсү;
- «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дачи кичи району);
- «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов №13 көчөсү.
Белгилеп кетсек, аталган пункттарды Ош шаарынын мэриясы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте уюштурган.