ИИМ өспүрүмдөр арасында кооптуу оюн жайылып жатканын билдирди

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өспүрүмдөр арасында кооптуу оюн жайылып жатканын билдирди.

 

Маалыматка ылайык, коңшу Казакстанда окуучу бала жолдо бараткан унаанын астынан чуркап чыккан окуя катталды. Буга аны ушундай кадамга түрткөн оюн себеп болушу мүмкүн экени айтылды.

 

Мындан улам, ата-энелерге оюндун кооптуулугу тууралуу балага түшүндүрүү, анын чөнтөк телефонунда кандайдыр бир күмөн оюндардын бар же жогун текшерүү, ал эми айдоочуларга этият болушу керектиги белгиленди.