Японияда эс алуу боюнча чемпион аныкталды

Японияда эс алуу боюнча чемпион аныкталды. Анын катышуучулары ким жакшыраак эс ала аларын билүү үчүн жарышты.

 

Эмгекчил япондор үчүн бул чындап эле кыйын иш болуп чыкты. Шарт боюнча 90 мүнөт сүйлөшүүгө, күлүүгө, жадакалса уктап калууга тыюу салынат. Болгону ачык асман алдында гана көздү ачып жатыш керек болду.

 

Жеңүүчү эң төмөнкү жана эң туруктуу жүрөктүн кагышынын негизинде тандалды.