Бишкек кайрадан абасы эң булганган шаарлардын сап башына чыкты

Бишкек кайрадан абасы эң булганган шаарлардын сап башына чыкты. Эл аралык индекске ылайык, Кыргызстандын борбору абасы таза эмес 44 өлкөнүн арасынан 7-орунду ээледи.

 

Бишкектин алдында Индиянын борбору Дели жана Пакистандын Лахор шаары “кооптуу” деген деңгээлде турат.

 

Ордо калаада абанын булганышына Жылуулук электр борборунун түтүнү, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар жана автоунаа себеп экени айтылып келет.