Синоптиктер шашылыш билдирүү таратышты

Синоптиктер шашылыш билдирүү таратышты. Ага ылайык, 9-10-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт.

 

Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ошол эле учурда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет.

 

Унаа ээлерине жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу сунушталат.