Шаар бийлиги коомдук транспорттун каттамдарын кайра карап чыгууну көздөөдө

Шаар бийлиги коомдук транспорттун каттамдарын толугу менен кайра карап чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, Бишкекте параллелдүү линиялар көп, бирок кээде бир жерге бир нече автобус токтоп алат.

 

Чиновник ошондой эле жаңы автобустар магистралдык, асфальт жолдорго ылайыкталганын, мындай каттамдардын санын көбөйтүү пландалып жатканын белгиледи.

 

Ошол эле учурда тар жолдого автобустар коё берилбейт.