Мамлекеттик мекемелер толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелер толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

 

Ал Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдөгү санариптештирүү тармагындагы иштерге токтолду.

 

Санариптештирүү аркылуу жарандардын пропискасы боюнча гана эмес, ким канча бензинди керектегенин дагы билүүгө болот, — деди Жапаров.