Бишкек-Ош жолунда акысыз жүрүүнү чектөө сунушталууда

Бишкек-Ош жолунда акысыз жүрүүнү чектөө сунушталууда.

 

Тиешелүү мыйзам долбоорун Унаа жана жолдор министрлиги коомдук талкууга койду. Ага ылайык, Төө-Ашуу аркылуу жеке максаты менен бара жаткан мамлекеттик кызматкерлердин баары акы төлөйт.

 

Бирок «Тез жардам» унаасы, коомдук, ички-тышкы коопсуздукту камсыздоочу органдарга тиешелүү атайын автоунаалар, Энергетика министрлигинин, Транспорт жана байланыш министрлигинин атайын машинелери, айыл чарба азыктарын ташыган автоунаалар гана Төө-Ашуудан акысыз өтө алат.