Бишкекте МЖӨ долбоорунун алкагында күрөш залы курулууда

Бишкекте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында күрөш залы курулуп жатат. Аталган борбордун маалыматына караганда, инвестициянын көлөмү 400 миң долларды түздү.   Залдын ачылышы келерки жылдын жаз айларына белгиленген. Ал ишке киргенден кийин эркин күрөш боюнча республикалык деңгээлдеги мелдештер өтөт.

Кыргызстанда электрондук капчыктардын саны дээрлик 13 пайызга өстү

Кыргызстанда ушул жылдын тогуз айында электрондук капчыктардын жалпы саны 6 миллион 100 миң бирдикти түзүп, былтыркы күзгө салыштырмалуу дээрлик 13 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын отчетунда айтылат.   Ошол эле учурда, идентификация болгон электрондук капчыктардын саны болгону 2 миллион 300 миң бирдик, бул капчыктардын… Кененирээк…

Бишкекке жоогазын көчөттөрүн отургузуу башталды

Бишкекке жоогазын көчөттөрүн отургузуу башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпысынан быйыл ордо калаанын гүлзарларында 171 миң жоогазын пайда болду.   Гүлдөр Жаштар аллеясы, Эмен паркы, Курманжан Датканын эстелигинин жаны, Театралдык сквер, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жаны, Абдрахманов/Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши, “Жомок” скверине отургузулду.   Өткөн… Кененирээк…

Кыргыз өкмөтүнүн курамында аял жетекчилердин аэ экени кайрадан айтылды

Кыргыз өкмөтүнүн курамында аял жетекчилердин аэ экени кайрадан айтылды. Маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү.   Учурда төрага Акылбек Жапаров жана анын орун басарларын, министрлерди кошкондо, өкмөттүн 21 мүчөсү бар. Алардын ичинен үч мекеме — Билим берүү жана илим министрлигин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция… Кененирээк…

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500дөн ашык бала бакча ачылат

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 560 бала бакча ачылат. Аны Дүйнөлүк банк каржылайт.   Мекемеден билдиришкендей, бул бала бакчаларда наристелер күндүз үч саат болушат жана эки нөөмөт менен иштейт. Негизги көңүл балдарды өнүктүрүүгө бурулуп, тамак берилбейт жана балдар бакчада уктабайт.   Учурда имаратын жергиликтүү бийлик берген 290… Кененирээк…

Кытайдын Шэньчжэнь шаарынын тургуну түнү менен телефондо ойноп, бир көзүнөн жабыркады

Кытайдын Шэньчжэнь шаарынын тургуну түнү менен телефондо ойноп, бир көзүнөн жабыркады. Daily Mail жазгандай,  эркек таң атканча ойногондуктан, көзүнүн ичиндеги тамыр жарылып кеткен.   Бул адатта физикалык жактан күч келгенде орун ала турган көрүнүш. Жабыркаганга операция жасалды. Дарыгерлерде анын көзү бир айдан кийин калыбына келет… Кененирээк…

Кийинки жылы “Социалдык келишим” программасына 20 миң үй-бүлө катышса болот

Кийинки жылы “Социалдык келишим” программасына 20 миң үй-бүлө катышса болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, долбордун катышуучуларына 100 миң сомдон берилет.   Премьердин пикиринде, “Социалдык келишим” жакырчылыктан чыгуунун натыйжалуу программасы боло алды. Быйыл 100 миң сомдук колдоону мамлекеттен 10 миң… Кененирээк…

Куткаруучулар айдоочуларды жолдо жүрүүдө этият болууга чакырат

Куткаруучулар айдоочуларды жолдо жүрүүдө этият болууга чакырат. Өзгөчө тоолуу райондорго сапарга чыга тургандарга тиешелүү.   Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртен республиканын басымдуу аймактарында карга айланган жаан жаайт.   Айдоочуларга унаалардын дөңгөлөктөрүн сөзсүз түрдө кышкыга алмаштырып, жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат. Ошондой эле… Кененирээк…

Бишкектин “Жогорку Көк-Жар” конушуна жаратылыш газы өткөрүлдү

Бишкектин “Жогорку Көк-Жар” конушуна жаратылыш газы өткөрүлдү. Долбоорго ылайык, эми 800 тургун үйлөрүн экологиялык таза жаратылыш газы менен жылыта алат.   Иштер белгиленген мөөнөттөн мурда аяктады. Жалпысынан аталган конушта 4 чакырымдан ашык газ таратуучу түтүктөр курулуп, өткөрүлдү.

Кыргызстанда электрондук капчыктардын жалпы саны 6 миллион 100 миңге жетти

Кыргызстанда электрондук капчыктардын жалпы саны 6 миллион 100 миңге жетти. Өткөн жылга салыштырмалуу бул 12,7 пайызга көп, — деп маалымдайт Улуттук банк.   Анын ортосунда идетификациядан өткөн электрондук капчыктардын саны болгону 2 миллион 300 миңди түзөт.   Бул жалпы көрсөткүчтүн 38 пайызына теңелет. Башкача айтканда,… Кененирээк…