Кытайда кылмышкер үй тоноо учурунда уктап калган

Кытайда кылмышкер үй тоноо учурунда уктап калган. ЖМКлар каракчы турак жайга кирип келгенде адамдардын сүйлөшүп жатканын угуп, коркуп кеткенин жазышууда.

 

Мындан улам, ал олжосун алгыча башка бөлмөдө күтүп турууну чечкен. Бирок кытайлык уктап кетип, планын ишке ашыра албай калды.

 

Үйдүн ээси коңуруктун катуу үнүн угуп, башка бөлмөдөгү полдо уктап жаткан бейтааныш эркекти көргөн. Кийин аял полицияга чалып, кылмышкерди кызматкерлер кармашкан.