Бишкекте бир нече жолдун багыты өзгөртүлөт

Бишкекте бир нече жолдун багыты өзгөртүлөт. Мэриянын маалыматына караганда, Кулатов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн тилкелеринде эки тараптуу кыймыл пайда болот. Ал эми сегиз көчөнүн тилкелеринде бир гана тарапка кыймыл уюштурулат. Алар:   — Ж.Турусбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай); — Т.Үмөталиев… Кененирээк…

Кытай Кыргызстандын жарандарына виза берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөттү

Кытай Кыргызстандын жарандарына виза берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөттү. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, милдеттүү түрдө алдын ала электрондук каттоодон өтүү талабы жокко чыкты.   Консулдук бөлүм Кытайга виза алуу үчүн кайрылгандарды белгиленген күндөрү жана сааттарында кезек күтүү тартибинде кабыл алат.   Ошондой эле ишкерлер жана Кытайга иш… Кененирээк…

Чет элдиктерден Кыргызстандын бюджетине 200 млн сомдон ашык каражат түштү

Чет элдик жумушчулардын ишмердүүлүгүнөн Кыргызстандын бюджетине 200 миллион сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин миграция башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.   Анын айтымында, алгач казынага 200 миллион түшөрү күтүлүп, бирок план ашыгы менен аткарылган.   Мамбетова ошондой эле быйылкы жылы 16 миң 610… Кененирээк…

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 40 миллион доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 40 миллион доллар бөлөт. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, каражаттын бир бөлүгү насыяга, жарымы гранттык негизде берилет.   Долбоор базарларды жашылча-жемиш менен камсыздоону көбөйтүү, экспорттук потенциалды жогорулатуу жана жумушчу орундарды түзүүгө багытталган.   Программа бир нече багытта иш… Кененирээк…

Кыргызстанда ушул айда 16 мектеп жана 2 бала бакча колдонууга берилет

Кыргызстанда ушул айда 16 мектеп жана 2 бала бакча колдонууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.   Анын айтымында, президенттин тапшырмасы менен быйыл өлкөдө 100 мектептин курулушу пландалган.   Алардын 84ү жыйынтыкталды, дагы 16 мектепте курулуш… Кененирээк…

Ордо калаада күн сайын линияга 770 автобус чыгууда

Ордо калаада күн сайын линияга 770 автобус чыгууда. Учурда 11 троллейстук, 36 автобустук жана 87 маршруттук каттам иштеп жатат.   Транспорт департаментинин маалыматына ылайык, жүргүнчүлөрдү жалпысынан 770 автобус, 152 троллейбус жана 2 миң 800дөн ашык маршрутка ташууда.

Бишкектин эки калкты тейлөө борборунда иш убактысы узартылды

Бишкектин эки калкты тейлөө борборунда иш убактысы узартылды.   Санариптик  өнүктүрүү министрлигинен такташкандай, кеп Жибек Жолу проспектисинде жана Жетикашкаева көчөсүндө жайгашкан борборлор тууралуу болуп жатат.   Бул бөлүмдөр эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштейт. Пилоттук долбоор көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында ишке кирди.… Кененирээк…

Кыргызстанда курулуш жүргүзүүгө уруксат лицензия берүү тартиби күчөтүлөт

Кыргызстанда курулуш жүргүзүүгө уруксат лицензия берүү тартиби күчөтүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.   Анын айтымында, учурда курулушка лицензия берүү убактылуу токтотулду. Эми акчасы, техникасы бар, чыныгы курулуш компаниялары гана лицензия ала турган тартип киргизилет.  … Кененирээк…

Каракол шаарынын облустук ооруканасынын кардиология бөлүмүндө өрт чыгып, 60 бейтап жана төрт медицина кызматкери эвакуацияланды

Каракол шаарынын облустук ооруканасынын кардиология бөлүмүндө өрт чыгып, 60 бейтап жана төрт медицина кызматкери эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон оорукананын 12 чарчы метр шыбы күйүп кетти. Жабыркагандар жок. Тилсиз жоо толугу менен өчүрүлдү. Учурда өрттүн… Кененирээк…

Баткенде көмүрдү негизсиз кымбат саткандарга айып пул салынды

Баткен шаарынын мэриясы социалдык баракчаларда көмүрдүн килограммы 16 сомдон сатылып жаткандыгы жөнүндө видео материалдар 2022-жылы тартылышы ыктымал экендигин билдирди.   Мэриядан билдиргендей, «БК» маркасындагы көмүр кымбат бааланып, аны навайкана, шишкебек жасаган ишкерлер алышат. Ал эми калк пайдаланган «БР» маркасындагы көмүргө болгон баа монополияга каршы жөнгө… Кененирээк…