Чүй проспектисинде мындан ары кичи автобустар жүрбөйт

Бишкектин Чүй проспектисинде мындан ары кичи автобустар жүрбөйт. Мэриянын Транспорт департаментинен билдиришкендей, кеп Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки тилкеде болууда.

 

Бардык маршруткалар Киев, Токтогул жана Фрунзе көчөлөрүнө которулду.

 

Ошол эле учурда бул тилкеде каттаган автобустар өзгөрүүсүз иштей берет.