Кыргызстанда эки миңге жакын чет элдик “Санарип көчмөн” макамын алышты

Кыргызстанда эки миңге жакын чет элдик “Санарип көчмөн” макамын алышты. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, алардын арасында Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россиянын жарандары бар.

 

Эске салсак, “Санарип көчмөн” статусун чет элдик адистер, негизинен программисттер жана дизайнерлер ала алышат.

 

Бул макам бир катар артыкчылыктарга ээ. Алсак, иштөөгө уруксат алуу жана жашаган жери боюнча каттоодон бошотууну камсыз кылат.

 

Өтүнмөнү онлайн калтырса болот.