Жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 554 абитуриент босого баллдан өттү. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, ЖРТнын жыйынтыгы менен эң жогорку балл – 214, эң төмөнкү балл – 38, орточо – 120 болду.
Жалпысынан тестке 902 адам катышты.
Эске салсак, өткөн жылы кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга 1 миң 260 киши катышкан.