Бишкектеги Каражыгач багынын аймагында жаңы балдар аянтчасы пайда болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, анда турниктер жана селкинчектер орнотулган.
Ошондой эле ата-энелердин ыңгайлуулугу үчүн отургучтар жана таштанды челектери коюлду. Ал эми эски аянтча демонтаждалды.