Улан Сарылбек уулу Биринчи май районунун акими болуп дайындалды

 Улан Сарылбек уулу Бишкектин Биринчи май районунун акими болуп дайындалганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койгон.
Буга чейин аталган кызматты Мурат Осмонов аркалап келген. Ал райондо интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталгандан кийин жумуштан бошотулган.